Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жатып ичер, жан бакты, бекер оокатка көнгөн, жалкоо. - Э, аш ичип, аяк бошотор болдук дечи (Укаев). Кыйратып ийдиң беле?.. уйку, тамак,... Ох аяк бошотор (Осмоналиев). 2. Эмгек кылууга жарабаган (жашы жете электигине же кары-картаңдыгына карата). Сокурмун, элге пайдасызмын, аяк бошотормун (Жусупов). Өзүнөн башкасы али аяк бошотор (Өмүрбаев).